Президент Садыр Жапаров 27-декабрда КМШга мүчө мамлекеттердин жетекчилери менен бирге Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы орус улуттук көркөм өнөр музейине барды.
Өлкө жетекчилерин музейде Орусия президенти Владимир Путин тосуп алган. Мамлекет башчылары Карл Брюллов, Иван Айвазовский, Федор Бруни жана академиялык мектептин башка чеберлеринин эмгектери коюлган музейдин Михайловский сарайындагы экспозицияны кыдырышты.
Сапардын соңунда президенттер расмий эмес эртең мененки тамакта аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты.
Беларустун лидери Александр Лукашенконун басма сөз кызматына жакын Pool of First Telegram каналы Санкт-Петербургдагы бейформал саммитте КМШ өлкөлөрүнүн лидерлерине атайын даярдалган “клуб шакектери” тапшырылганын билдирди. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктар кызматы жазды.
«Фонтанка» басылмасы кабарлагандай, шакектин ортосунда КМШнын эн белгиси, ичине «Жаңы 2023-жылыңыз менен» деп жазылган.
КМШ лидерлеринин бейформал жолугушуусуна Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышты.