Марал Радиосу

Кытайлык инвесторлор Кыргызстанда сантехника чыгарган завод курат

Кытайлык инвесторлор Кыргызстанда санитардык-гигиеналык буюмдарды чыгара турган завод курууну пландоодо. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин басма сөз кызматынан кабарлашты.

26-декабрда ARROW корпорациясынын өкүлдөрү менен инвестициялык агенттиктик жетекчи орун басары Нурадил Баясов жолугушту.

Кытайлык инвесторлор ЕАЭБ, Борбордук Азия жана Европанын базарларын өнүктүрүү үчүн Кыргызстанда санитардык-техникалык буюмдарды чыгаруучу завод куруу мүмкүнчүлүгүн сүйлөшүү максатында өлкөгө келишкен.