Марал Радиосу

Эрдоган Роналду Сауд Арабияда карьерасын улантаарын айтты

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган португалиялык чабуулчу Криштиану Роналду тууралуу пикирин билдирди.

«Мага жеткен маалыматка караганда, Криштиану Роналду Сауд Арабиялык клубда карьерасын улантат», — деди Түркия президенти.

Түрк президенти 37 жаштагы португалиялык чабуулчу Эр-Рияддык Аль-Наср менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кошумчалаган.

Белгилей кетсек, буга чейин чет элдик спорт маалымат каражаттары Роналду Сауд Арабиянын «Аль-Наср» клубу менен сүйлөшкөнү шаарга келгенин жазган.