Марал Радиосу

Президент Баткен районунда тургундар менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров 24-декабрда Баткен облусуна болгон жумушчу сапарында Баткен районунун тургундары менен жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Өлкө башчы Баткен районун Аксай, Капчыгай, Миң-Өрүк жана Достук айылдарында жүрүп жаткан курулуш иштери менен таанышып, аталган айылдын тургундары менен жолугушуу өткөргөн.

Анда тургундар пайызсыз насыя алууга мүмкүнчүлүк түзүп берүү, ирригациялык тармактарды өнүктүрүү, социалдык жеңилдиктерди берүү, ички жолдорду куруу жана социалдык объектилерди куруу боюнча маселе көтөрүштү.