Марал Радиосу

Парламенттин төрагасы Статкомдун имаратын жаңылоо керектигин айтты

Бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Улуттук статистика комитетине барып, мекеменин ишмердүүлүгү менен таанышканын парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Нурланбек Шакиев өлкөнүн өнүгүү жолун аныктоодо жана көйгөйлөр менен жетишкендиктерди тактоодо статистикалык маалыматтар зарыл экенин, айлык аздыгына карабай иштеп жаткан кызматкерлерге татыктуу көңүл бурулушу керектигин белгиледи.

Ал Статкомдун имаратын жаңылап, кызматкерлерге түзүлгөн шарттарды жакшыртуу учур талабы экенин айтты.

«Саат жебесиндей, тынымсыз иштеген мекеменин кызматкерлеринин иши мамлекетибиз үчүн өтө маанилүү. Татаал, жоопкерчиликтүү милдетти аркалаган адистерге татыктуу көңүл бурулушу кажет. Себеби мекемеде жумуштун оор экенине карабай, айлык маяналардын аздыгы белгилүү. Натыйжада жаш кадрлардын тармакка аз тартылып жатканы да жашыруун эмес» ,– деди Шакиев.