Марал Радиосу

Кыргызстан Марокко менен билим берүү тармагында кызматташат

Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев 22-декабрда Марокконун Рабат шаарында Ислам билим берүү, илим жана маданият уюмунун (ICESCO) конференциясына катышты. Анда ал Марокконун жогорку билим берүү, илимий изилдөөлөр жана инновациялар министри Абдуллатиф Миравий менен жолугушту.

Кыргыз тарап өкмөттөр аралык билим берүү жана илим жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоорун Марокконун кароосуна тапшырды.

Мындан тышкары тараптар эки өлкөнүн ортосунда тыгыз кызматташууга чоң мүмкүнчүлүктөр бар экендигин белгилеп, кыргызстандык студенттерди Марокконун жогорку окуу жайларында окутуу үчүн гранттык орундарды бөлүү сунушу айтылды.

Жолугушуунун соңунда Артыкбаев Марокко министрин Кыргызстанга иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.