Марал Радиосу

Кадамжайда мыйзамсыз трансформацияланган жер муниципалдык жетекчилерге берилген

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынан Баткен облусунун Кадамжай районунун Айрыбаз (Марказ) айыл аймагында жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоо фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Мекеменин маалыматына караганда, 2017-жылдын 18-апрелиндеги №15 токтом менен 581 жаранга үй куруу үчүн 95 га жер мыйзамсыз трансформацияланган. Ошол элу учурда, бөлүштүрүлгөн жерлер айрым муниципалдык мекемелердин жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине берилген.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Айрыбаз а/а жер тилкелеринин 197 мамлекеттик актылары кайтарылып алынды, анын ичинде Айрыбаз айыл аймагына кирбеген башка административдик-аймактын жашоочулары да бар экени аныкталды.

Учурда жер тилкелерин мыйзамсыз берүүгө тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.