Марал Радиосу

Депутаттык комиссия Конституциянын сакталышына таасир эте алабы?

Жогорку Кеңештин 22-декабрдагы сессиясында соңку кездери өлкөдө Конституциялык нормалар одоно бузулуп жатканын айрым депутаттар айтып чыгышты. Буга мисал катары Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандар мыйзамсыз кармалып жатканы айтылды. Депутаттык комиссия түзүп, Конституция бузулганын иликтөө сунушталды.

Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров парламенттин 22-декабрдагы жалпы жыйынында өлкөдө Конституциялык нормалар бузулуп жатканын айтып, буга байланыштуу депутаттык комиссия түзүүнү талап кылды.

Эл өкүлү Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандар абакта мыйзамсыз отурганын, арасында аялдардын саламаттыгы начарлап кеткенин айтып, бийликтин бул жагдайга кайдыгерлигин сындады.

Ал ар кандай мыйзамдарды кабыл алуу аракеттерин парламентти алсыратуу катары сыпаттады. Ошол эле сыясы кургай элек “Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү” мыйзам, “Депутаттардын статусу жөнүндөгү” мыйзамдарды мисал келтирди.

“Бул жерде эч нерсе болбогондой, Конституция бузулбагандай болуп, мыйзамдарды талкуулап, кабыл алып отуруунун өзү — кайдыгерлик. Эмнени өзгөртө алабыз? Эмнеге таасир эте алабыз? Ушул жерде шукшуңдашып, 5-6дан болуп алып сүйлөшүп, кучакташып, өз маселебизди чечкенден башка эмне кылып жатабыз? Сурангым да, сүйлөнгүм да келбейт. Бирок суранам! Биз соңку кездеги Кыргыз Республикасында Конституциянын, мыйзамдардын одоно түрдө бузулгандыгы жөнүндө комиссия түзүп, иликтемейинче ЖК өзүнүн ишин актабай, жеп жаткан наныбыз адал болбойт. Тез арада комиссия түзүлүш керек. Ошол комиссия бир ай ичинде соңку мезгилде Кыргызстанда адам укугун, мыйзамдардын, Конституциянын бузулгандыгын иликтеши керек”, — деп билдирди Мадумаров

Кемпир-Абад иши боюнча 28 адам 23-октябрда кармалган. Алардын арасында аялдардын ден соолугу кескин начарлап кетенин жактоочулары билдирүүдө.

21-декабрда кармалгандардын адвокаттары Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбековага кайрылышкан. Кайрылуу юрист Асыл Айтбаеванын фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Кармалгандардын жакындары 20-декабрда акцияга чыгып, аларды бошотуу өтүнүчү менен президент Садыр Жапаровго кайрылышкан.

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин камактагы мүчөлөрүнүн 17си ачкачылык жарыялашкан. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Орозайым Нарматова менен активист Перизат Суранованын абалы кескин начарлап кеткен.

Президент Садыр Жапаров 17-декабрда «Кабар» маалымат агенттигине курган маегинде абактагы аялдарды үй камагына чыгаруу боюнча оюн билдирип, «мурдараак кыздарын, аялдарын тыйып, акыл үйрөтүүгө тийиш болчу» деген пикирин айткан.

Эл өкүлү Дастан Бекешов да мыйзамсыз кармалгандар тууралуу пикирин билдирип, Кемпир-Абад иши боюнча эч кандай тергөө жүрбөй жатканын айтты. Эгер далилсиз кармалган болсо, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө чара көрүү керектигин билдирди.

 “Конституциянын 66-статьясынын 3-бөлүгүндө президент Конституциянын, адам укугунун, эркиндиктин гаранты деп жазылып турат. Бул норма кандай учурларда иштегенин мен билбейм, бирок бир гана жолу Саламаттык сактоо министрлигинин мурдагы жетекчисине карата иштегенин айта алам. Жарандар соттун, укук коргоо органдарынын үстүнөн президентке кайрылат. Мурда мындай норма жок кезде президенттер “мен кийлигише албайм, соттор гана чечет” деп жооп берчү. Бул туура. Бирок дайыма сот органдары, тергөө органдары жогору жактын буйругун угушканын билебиз. Азыркы учурда Кемпир-Абад ишине байланыштуу эч кандай күнөөсү жок адамдар абакта отурат, мен алардын ичинен аялдарга көбүрөөк көңүл бурууга чакырат элем. Эгер алардын күнөөсү болсо, эмне үчүн эки айдан ашык убакыттан бери аларга карата тергөө иштери жүрбөй жатат?”, — деди Бекешев.

Юрист Замир Жоошев Жогорку Кеңештин депутаттарынын мындай кадамы орчундуу өзгөртүү жасай алат же таасирин тийгизет дегенден алыс экенин айтат. Эгер депутаттык комиссия Конституция бузулганын аныктаса деле Конституциялык палата чара көрбөшү мүмкүн.

“Депутаттык комиссиянын корутундусу кандайдыр бир башка иш-чаралардын башталышына өбөлгө түзүшү мүмкүн. Мисалы, Жогорку Кеңештин комиссиясы түзүлүп, анын корутундусунда  «прокуратура Конституциянын мындай нормасын бузуп, депутатты суракка чакырды» деп айтылса, анын негизинде прокурордун кесипкөйлүгү, компетенттүүлүгү жана кызматынан алуу же албоо маселесин көтөрүүгө мүмкүнчүлүк жаралат. Ал эми аны көтөрүлөт же көтөрүлбөйт деп айталбайм”, — дейт Жоошев.

Саясатчы Жылдызкан Жолдошева парламенттин бүгүнкү жыйынында көтөрүлгөн көйгөй чынында бар экенин, парламенттин ролу төмөндөп баратканын айтты. Ал бийлик жасаган жакшы иштерин парламентке кысым кылуу аркылуу жууп салууда деген пикирде.

“Ачык айтканда, бийлик жакшы иштерди жасап жатат. Бирок парламентке өтө кысым көрсөтүү менен, депутаттар аркылуу элге кысым көрсөткөндөй кабыл алынып жатат. Коркутуп-үркүтүүлөр жана башка терс көрүнүштөр менен жасаган жакшы иштерин селдей жууп кетип жатат. Ал эми Мадумаровдун айтканында мандем бар. Эгер парламент дагы коркуп, чочуп, өз милдетин аткаралбай ушундай эле абалда кете беришсе, антын бузган болот. Ант бергенден кийин аткарыш керек. Бизде эң чоң баалуулук — эркиндик”, — деди саясатчы.

Жолдошева депутаттык комиссиянын чечими мыйзам сыяктуу аткарылышы керек экендигин, бирок абсолюттук башкаруу болуп жаткан өлкөдө андай болушу бир топ оор болорун кошумчалады.

Саясатчы антсе да депутаттар комиссия түзүп, бийликтин каталарын көзүнө көрсөтүп турушу керек деп эсептейт.

Кыргыз Республикасынын толук президенттик башкарууга жол берген жаңы Конституциясы 2021-жылдын 11-апрелинде референдумга коюлуп, көпчүлүктүн добушу менен кабыл алынган.

Саясатчы жана юристтер бул Конституцияга каршы чыгып, диктатордук башкарууга алып барарын айтышкан.

Акыркы учурларда көз карандысыз медиаларга, журналисттерге, депутаттарга кысым күчөгөнү белгилүү.

 

Exit mobile version