Марал Радиосу

Роналду Сауд Аравиянын клубу менен сүйлөшкөнү барды

Португалиялык футболчу Криштиану Роналду Сауд Аравияга келди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазды.

Маалыматарга караганда, чабуулчу “Аль-Наср” футболдук клубу менен сүйлөшүү үчүн Эр-Рияд шаарына учуп келген.

Жакын арада футболчу команданын жетекчилиги менен жолугушуусу күтүлүүдө. Аталган клуб Роналду менен тезирээк келишим түзүүнү каалап жатат.

Белгилей кетсек, 5-декабрда Роналду «Аль-Наср» клубуна өтөөрү жана чабуулчуга сезондо 200 миллион евро маяна убада кылынганы тууралуу маалыматтар тараган болчу.

Криштиану Роналду 22-ноябрда 2021-жылдан бери ойноп келген «Манчестер Юнайтед» клубу менен келишимди токтогонун расмий жарыялаган.