Марал Радиосу

23-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидромет билдиргендей, 23-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдорго муз тоңот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз -4…+1;

Талас облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -4…+1;

Жалал-Абад, Баткен, Ош ​облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…+3;

Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -7…-12;

Бишкек шаарында 23-декабрга караган түнү кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз -1…+1 градус болот.

Exit mobile version