Москва шаарында мигранттарда согушка үндөгөн кагаздар ачык эле таркатылып жатканы айтылууда. Буга чейин орус-украин согушу жүрүп жаткан аймактарга борборазиялык мигранттарды жумушчу күч катары алып кетип жатканы белгилүү болгон. Согушка үндөө буга чейин жашыруун жүргүзүлүп келген болсо, эми ачык айкын чакырыктар башталганына мигранттар кооптонууда.
Мигранттарды согушка азгырып, келишим түзүүгө үндөгөн кагаздарды таркатып жатканын орусиялык Сота телеграм каналы жазып чыкты. Ошол эле телеграм канал армениялык мигранттын кайрылуусун да жарыялады.
Анда күч кызматкерлери согушка азгырган кагаздарды берүү менен бирге орусиялык жарандыгы жок мигранттарды калаанын аскердик комиссариатына каттоого турууга мажбурлаганы айтылат. Эгерде баш тартса, жумушунда маселе жараларын айтып коркутушкан.
Москва шаарындагы “Ноокат” коомунун жетечиси Толкунбай Акматов согушка үндөгөн кагаздар кыргыз, өзбек, тажик тилдеринде таркатылып жатканын айтат.
“Кыргызча, өзбекче, тажикче кылып баракчаларды таркатып жатышат. Сахарово миграциялык борборунда дагы ошондойл кагаздарды илип коюптур деп жатышат барып келген балдар. Бирок ага кызыккандар кыргыздардан азыраак, өзбек, тажиктерге караганда. Алар көбүрөөк кызыкдар экен, интернеттен деле видеолорун көрүп жатабыз”, — деди Акматов.
Акматов диаспора, коомдук бирикмелер байма-бай түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын, мигранттарды согушка баруудан баш тартууга үндөгөнүн кошумчалады.
Бирок орус күч кызматкерлери мигранттарды жүйөсүз текшерүүгө алып, каттоо документтерин негиз кылып, кармап жатканы айтылууда. Анын жүрүшүндө мигранттарга согушка катышуу сунушталып, ири сумма убада кылышат.
Шерали Моква шаарында иштеп жүрүп, күч кызматкерлери документтерин текшергенден кийин “базада жок” деген жүйө менен убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ага согушка катышууну, эгер макул болсо орус жарандыгын жана жогору айлык маяна сунуштаган.
“Менде документ жагынан маселе жаралып, кармалып калдым. Бөлүмгө барып, сот аркылуу депорт кылды. Андан кийин Сахарового алып барып кармап отурушту, ал жерде баарына армияга барсаңар жарандык беребиз, айлыгы 300 миң рубль деп сунуш берди. Мага 2-3 жолу айтты, мен сунушун четке кактым. Азыр көпчүлүгүн көчөдөн документин текшерип, туура эмес чыгып калса алып кетип, ошол жерден баарына эле ушундай сунуш берип атышыптыр. Анча-мынча каалоосу барлар ошол жерден кетип калышат экен. Аларды армияга дегени менен согушка эле алып кетип калат. Азыр эми көчөлөрдө, метролордо ачык-айкын эле жарнама кылып атат деп жатышат”, — дейт Шерали.
Шерали күч кызматкерлеринин сунушуна макул болбогондон кийин депортация болуп, Кыргызстанга чыгарылган.
Орусияда мигранттардын укугун коргогон юрист Нура Курманбекова кыргызстандыктар мындай кырдаалга туш болгон учурда консулдукка же диаспорага кабар берип, адвокат чакыруу керектигин айтат.
“Баракчаларды берип, күчкө салып “сен барышың керек” деп коркутса, ар биринде диаспоранын, элчиликтин, консулдук бөлүмдөрдүн номерлери болушу керек, ошолорго чалып, “мени ушинтип кармап кетти, мага ушундай күч колдонуп жатат” деп кабарлашы зарыл. Антпесе ким эмне болуп жатканын эч ким билбейт. Мекендештер «мен ушул аймакка келдим эле, каттоодон өтүп коеюн, мен жөнүндө силерде маалымат болсун» деп өздөрү жөнүндө маалымат берип турушу керек. Бирок өз каалоосу менен, көп жылдан бери Орусияда жүрүп, иштин көзүн таппай жүргөн мекенедештер кетип жатышат, акчасына кызыккандар да жок эмес”, — деди Мээркулова
Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков бүгүнкү жалпы жыйында сөз болуп жаткан маселе боюнча Орусияда жаңы мыйзам долбоору каралып жатканын айтты. Ал мыйзамга ылайык, мигранттарга каттоодон өтүү бир топ жеңилдеп, онлайн маалымат алмашуу жол-жобосу каралат.
Депутат Жогорку Кеңештин атынан Мамлекеттик Думага сөз болгон мыйзам долбоорун колдоону өтүнгөн кат жазууну сунуштады.
“Ал жакта биздин мекендештерди мажбурлап медициналык кароодон өткөрүп жатат. Саламаттыкты сактоо тармагындагы мыйзам бузууларды караган «Росздравнадзор» деген бар экен, элчилик ошол жакка кайрылыптыр. «Росздравнадзор» адегенде «жакшы айттыңар, биз буга чара көрөбүз» деп жаткан экен, эми кайра «Сахарово туура эле экен, аргасыз чара болуп жатыптыр, медициналык кароодон өткөрүү керек, башка жолу жок» деп ошолордун сөзүн сүйлөп калыптыр. Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаттары менен жолугушуп, ушул маселени дагы көтөрдүк. Экинчиси, ушул каттоо маселесин көтөрсөк, жакшы кабар айтып жатышат: чет өлкөлүк жарандарды каттоодон өткөрүүнү жөнөкөйлөштүрүү боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизип жатыптыр. Ушул мыйзам өтүп калса, биздин жарандар азыркыдай кезекке туруп кыйналбастан, жеке кабинет менен өздөрү турган жер тууралуу миграциялык кызматтарга маалымат бере алат экен. Биз ошону эртелетип берүүсүн сурандык. Урматтуу төрага, сиздин атыңыздан дагы кат жолдоп койсок аябай жакшы болот», — деп билдирди Кадырбеков
Орусия Украинага согуш ачкандан бери кыргыз бийлиги мекендештерди ага катышпоого үндөп келет.
Азырынча согушка катышып, мерт болгон эки кыргызстандык жаран так белгилүү.
УКМК чет мамлекеттеги куралдуу жаңжалдарга же согуштук аракеттерге катышкан жарандар жоопкерчиликке тартыларын эскертип, Кылмыш-жаза кодексинин 416-беренесине ылайык 15 жылга чейин эркинен ажыратыларын эскертет.