Марал Радиосу

«Кыргыз сонундуктун» экинчи этно тез татым жайы ачылды (фото)

Бишкекте бүгүн, 21-декабрда «Кыргыз сонундук» брендинин астында Asia Mall соода борборунда этно тез татым жайы ачылды.

Иш-чаранын ачылышында кыргыз улуттук тамактарынын көргөзмөсү жана улуттук оюндар болду.

KYRGYZ.SONUNDUK этно фастфуду буга чейин алгачкы жолу ЦУМ-2 соода борборунда ачылган. Анда кыргыз элинин улуттук тамактары болгон боорсок, чучук, каттама, калама, талкан сыяктуу азыктар сатылат. Ошондой эле бул этно фастфудда «Шоро» компаниясынын улуттук суусундуктарынын бардык түрүн ичсе болот.