Марал Радиосу

Аргентинанын чемпиондук парады учурунда 30дан ашык адам жабыркады (сүрөт)

Аргентинанын футбол боюнча улуттук курама командасын чемпионаттан кийин тосуп алуу салтанаты өтүп, анда жаракат алгандардын саны 30дан ашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Аргентинанын Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берүү менен билдирди.

Күйөрмандар көпүрөдөн футболчулардын бара жаткан автобусуна секирүүгө аракет кылышкан. Жыйынтыгында буту-колу сынып ооруканага жаткырылган.

Жабыркагандардын абалы туруктуу экенин, жеңил жараат алгандар бар экени айтылды. Кээ бир маалымат каражаттары адам өмүрү кыйылган учур бар экенин дагы жазышууда.

20-декабрда Аргентинанын борбору Буэнос-Айресте футбол боюнча дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрүн тосуп алуу салтанатына 4 миллионго жакын адам келди.

Киши көптүгүнөн улам, жол тыгындары пайда болуп автобус менен барган Аргентина курама командасынын оюнчулары тик учактар ​​менен эвакуацияланганы маалым болду.

18-декабрда Аргентина командасы Францияны жеңип, дүйнө чемпиону болгон. Команда тарыхта үчүнчү жолу турнирди жеңип алды.