Жогорку Кеңештин Бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитети эки тараптуу келишимдин негизинде Бишкектеги эки имаратты Орусиянын Федералдык чек ара кызматына 49 жылга ижарага берүүгө макулдук берди.
Орусияга бериле турган имараттын жалпы аянты 2 миң чарчы метрден ашуун. Ал Бишкектин Жибек Жолу жана Күрөңкеев көчөлөрүндө жайгашкан.
Бул маселенин артында кандай саясат болушу мүмкүн деген суроого талдоочулардын пикирлерин чогулттук.
Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда 2000-жылда түзүлгөн келишимге ылайык, кыргыз тарап чек ара кызматкерлерин жашоочу жана кызмат өтөөчү имарат менен камсыз кылуу милдетин алган. Ал үчүн Новопокровкадан имараттар сунушталган, бирок орус тарап Бишкек шаарындагы имаратты жеке тараптардан ижарага алып келген.
Орусия ал имараттарды сатып алуу сунушу менен чыкты. Имаратты, кыймылсыз мүлктү сатып алуу боюнча мыйзамдык тоскоолдуктар жок. Имаратка чектеш жайгашкан жер тилкесин Кыргызстан 49 жылга ижарага берет. Бул тууралуу Мүлк фондунун өкүлү Замир Бугубаев билдирди.
“Бүгүнкү күндө булар имаратты ижарага алып иштетип жатышат. Ал имарат мамлекеттин карамагындагы мүлк эмес, ал жеке жактын мүлкү. Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы, Уюшкан кылмыштуу тобу ал жакта иш алып барууда. Ошол имаратты орус тарап түздөн түз өздөрү сатып алып жатышат. Бирок биздеги жер тилекелерди чет өлкөлүктөргө сатууга уруксат жок болгондуктан, алар бизден суранышкан: “жер тилкесин мамлекеттин карамагына алып, бизге көп убакытка ижарага бергиле”, — деп. Акчасын да орус тарап берип жатат”.
Саясат талдоочу Алмаз Тажыбай Кыргызстандын жерин Орусияга ижарага берүү демилгесинин артында саясат бар деген пикирде.
Тилекке каршы Кыргызстан дүйнө саясатында субьект эмес, обьект экенин баса белгилеп, дагы эле Орусияга көз карандылык күч болуп жатканын сынга алды.
Жарандык активист Руслан Акматбек мындай маселелерде Кыргызстан өз кызыкчылыктарын ойлоп, аларды коргогонго кудурети жетпей жатканына нааразы. Ал буга чейин Бишкектин төрт районунун аталышын кыргызчалатууга орусиялык бир нече саясатчылардын “кагуусуна” кыргыз тарап жооп бере албай отуруп калды деп сындады.
Азыркы тапта Орусиянын бийлиги Борбор Азиядан чыгып кетишинен кооптонуп, бул себептен аскердик даярдыктарын күчөтө турганын саясий серепчи Марс Сариев айтты.
Кыргызстандагы бирдиктүү орус аскер базасына бир нече объект кирет. Алар Кант шаарындагы «Кант» авиабазасы, Каракол шаарындагы сыноо базасы, Чалдыбар кыштагындагы байланыш түйүнү, Майлуу-Суу шаарындагы автономдуу сейсмикалык пункт.
Мурда бул объекттердин ар бири өзүнчө каралып келген, бирок 2012-жылы Кыргызстан менен Орусия аларды бирдиктүү орус базасына бириктирүүнү макулдашкан.
Орусиянын бирдиктүү аскер базасы Кыргызстандын аймагындагы бирден-бир чет өлкөлүк аскер объектиси болуп саналат. 2013-жылы расмий Бишкек Транзиттик жүк ташуу борборун жайгаштыруу жөнүндө АКШ менен макулдашууну денонсация кылгандыктан, 2014-жылдын 11-июлуна чейин Вашингтон бул объектти толугу менен чыгарып кетүүгө мажбур болгон.