Кыргызгидромет билдиргендей, 20-декабрда өлкө аймактарында жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт.
Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз +4…+9;
Талас облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз +2…+7;
Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +5…+10;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +2…+7;
Нарын облусунда түнкүсүн -20…-25, күндүз -1…-6;
Бишкек шаарында 20-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшөт. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +7…+9 градус болот.