Марал Радиосу

Президент иш сапары менен Катарга барды

Бүгүн, 18-декабрда Президент Садыр Жапаров Катардын Эмири шейх Тамим бен Хамад Аль Танинин чакыруусу менен Катарга иш сапары менен келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысынын учагы Доха шаарындагы «Хамад Интернешнл» эл аралык аэропортуна конду.

Килем төшөлүп, ардак кароол тизилген.

Президент Садыр Жапаровду траптан Катардын спорт жана жаштар министри Салах бин Ганим Аль Али тосуп алды.