Марал Радиосу

Өлкөдө 1-8-январь эс алуу күндөрү расмий жарыяланды

Кыргызстанда 1-январдан 8-январга чейин эс күндөрү деп жарыяланды. Мындай чечим Министрлер кабинетинин 16-декабрдагы жыйынында кабыл алынды.

Маалыматка караганда бул чечим дем алыш жана майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында кабыл алынды.

Бул аралыктагы иш күндөрү 9-январь, 25-февраль, 11-март, 25-марттагы дем алыш күндөрүнүн эсебинен толукталат.

Кыргызстанда 1-январь Жаңы жыл, 7-январь Иса пайгамбардын туулган күнү катары жылнаамада кызыл менен белгиленип, эс алуу күнү болуп эсептелет.

Exit mobile version