Марал Радиосу

Жапаров: Бишкекти каптаган ышты эл өзү да көзөмөлгө алышы керек

Президент Садыр Жапаров мэрди кызматтан алуу менен түтүн жоголуп кетпешин айтты.

Анын айтымында, ЖЭБдин түтүнү болгону 10-15 пайызды түзөт. Жапаров тик учак менен Бишкектин үстүнөн айланып учуп кыдырганын, ыш Бишкек жылуулук электр борборунан чыгып жатат деген сөздөргө макул эместигин айтты.

Мамлекет башчы Бишкек шаарынын үстүн каптаган ышты азайтууга эл өзү жардам бериши керектигин белгиледи.

«Калган түтүндүн баары жаңы конуштардан, жеке сектордогу сауналардан, мончолордон чыгып атат. Алар резина же тигүүчү цехтерден чыккан чүпүрөктөрдү жагып жиберишет экен. Ошондуктан ошолорду ар бир кошуналары көзөмөлгө алып, жактырбаш керек. Анткени ал түтүн ар бир жашоочунун ден соолугуна зыян алып келет. Ошол үчүн мейли кошунасы болосуңбу же көчөдөн өтүп бара жатып көрүп каласыңбы, айтыш керек, жакпа деш керек, тиешелүү органдарга билдириш керек . Ошондо гана түтүн жоголот».

Мындан сырткары ал бийлик тарабынан да бул көйгөйдүн чечүү аракеттери көрүлүп жатканын кошумчалады.

«Албетте, бийлик дагы жөн жаткан жокпуз. Дароо буйрук берип, рейд уюштурдук. Ким жеке сектордо мончого же үйүнө резина же чүпүрөк жагып жаткан болсо, айып пул салгыла, сауна болсо жапкыла деп. Бирок эл өзү көзөмөлгө алып берсе, рейдден дагы жакшы жыйынтык берет эле. Азыр жаңы конуштарда жеке менчик мончолор көп экен. Ошол мончолордо жагылат экен. Азыр эми жаңы конуштарга өкмөт тараптан мончолорду салдырганга тапшырма бердим. Анан эң негизгиси гидро ГЭСтерди салууну күчөтүп жатабыз», — деди Жапаров.

Ошондой эле президент элүүгө жакын кичи жана орто ГЭСтер курулуп жатканын, баары бүтсө электроэнергияга өтүп, өлкө түтүндөн кутуларын айтты.

Exit mobile version