Марал Радиосу

Аба ырайы: Эртең да жылуу болот

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, эртең, 17-декабрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз +1…+6;

Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +6…+11;

Жалал-Абад, Баткен, Ош ​облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз +6…+11;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз +2…+7;

Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -5…-10;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2, күндүз +4…+6 градус болот.