Марал Радиосу

Гемодиализ маселеси мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору менен чечиле баштады

Быйыл Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору 30 млрд сомдон ашык каражат сарпталган 15 долбоордук келишимге кол койду. Ал келишимдердин негизинде өлкө боюнча 500дөн ашык жумушчу орундун түзүлөрү күтүлүүдө. Аталган мекеме саламаттык сактоо, өндүрүш, билим берүү, айыл чарба жана башка тармактар боюнча долбоорлорду ишке ашырууда. Бул долбоорлорго жергиликтүү жана чет өлкөлүк ишкерлер инвесторлук кылууда. Быйыл болсо мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун саны 32ден 56га көбөйдү. 

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору быйыл 56 долбоордун ичинен 18ин ишке ашырды. Мындан сырткары бешөө сынактык баскычта болсо, 33ү даярдоо баскычында турат.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун долбоорлорду илгерилетүү жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Абду-Салам Тайиров быйыл мекеме тарабынан саламаттык сактоо тармагы боюнча 6 долбоор ишке ашырылганын билдирди.

«Биринчи долбоордо гемодиализ борборлору түзүлдү. Ал Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Бишкектин эки жеринде орнотулду. Бул долбоордун жалпы инвестициялык суммасы 11 млн еврону түздү. Андан сырткары Кыргызтандын 6 жеринде компьютердик томографтар орнотулду. Алар Кадамжай, Өзгөн, Балыкча жана Токтогул шаарларында жайгашкан ооруканаларда орнотулду. Мындан сырткары Бишкек шаарындагы эки ооруканага да компьютердик томографтар коюлду. Бул долбоордун жалпы суммасы 5 млн доллорды түзөт. Эки долбоор тең чет элдик инвесторлор тарабынан каржыланды».

Ушул жылы мекеме тарабынан туризм жаатында 5, бажы жана логистика боюнча 2, социалдык тейлөө тармагы боюнча 4 долбоорго келишим түзүлдү.

Мекеменин өкүлү Тайиров инвестициялык суммасы 200 миң долларды түзгөн өндүрүш тармагындагы долбоорго токтолду.

«Бүгүнкү күндө Оштун Кара-Суу районундагы Чоң-Талдык айылында өндүрүш комплекси курулду. Инвестициялык суммасы 200миң доллар болду. Бул долбоордун алкагында 50 жумушчу орун түзүлдү. Ал эми долбоордун мөөнөтү 15 жылга созулат. Мындан сырткары 2022-жылдын эсебинде 18 долбоордун алкагында ар кандай тармакта 500 жумушчу орун түзүлөт».

Муну менен катар борбор транспорт боюнча 11 жана маданият тармагы боюнча 3 долбоорду иштеп чыкты.

Алардын ичинен эң көбү транспорт тармагын камтыйт. Анын алкагында Төө-Ашуу ашуусундагы альтернативалык тоннелди куруу (алдын ала болжолдуу түрдө 234 млн доллар), Өзгөн шаарындагы айланма жолдун курулушу (алдын ала болжолдуу түрдө 12 млн доллар), Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун калктуу конуштарынын жолун реконструкциялоо (болжолдуу түрдө $210 млн) жана башка долбоорлорун ишке ашыруу пландалып жатат.

Мындан сырткары спорт тармагында да бир канча долбоорго келишим түзүлгөн. Борбордун өкүлү бул боюнча төмөндөгүлөрдү айтып берди.

«Азыркы күндө спорт тармагына көңүл бурулуп жатат. Кожомкул атындагы спорт сарайынын күрөш залын жаңыртуу долбоору бар. Ал жерде азыр реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. Жалпы суммасы 400 миң долларды түзөт. Бүгүнкү күндө Кант шаарында иштебей калган бассейнди жаңыртуу пландалууда. Аны жергиликтүү инвесторлор каржылай турган болду. Жакында келишимге кол коюлат. Документтер даяр болгондон кийин оңдоп түзөө жумуштары башталат. Бул долбоордун суммасы 180 миң долларды түзөт».

Ишке ашырылган мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору 13 жергиликтүү, 5 чет өлкөлүк инвесторлор тарабынан каржыланды.

Мындан сырткары быйыл мекеме тарабынан өлкө боюнча 200дөн ашык мамлекеттик кызматкер окутулуп, 6 жогорку окуу жайында трениг өткөрүлдү.

Ал эми 2023-жылга карата борбор 100 млн долларлык күн электр пилоттук станцияны жана Кара-Суу дарыясында «Кара-Көл» чакан ГЭСин курууну, ошондой эле Мамакеев атындагы улуттук хирургия борборун модернизациялоо долбоорлорун ишке ашырууну пландоодо.

 

 

 

 

Exit mobile version