Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, эртең, 16-декабрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз +5…+10;
Талас облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +7…+12;
Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +6…+11;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз +3…+8;
Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -3…-8;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз +8…+10 градус болот.