Марал Радиосу

Жогорку Кеңеште эпидемиологиялык абал боюнча маалымат угулат

Жогорку Кеңеште саат 14:00дө өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча маалымат угулат. Жыйынга Саламаттыкты сактоо, Билим берүү жана илим министрлиги, башка тийиштүү органдардын өкүлдөрү чакырылды.

14-декабрдагы жыйында депутат Айбек Осмонов балдар арасында сасык тумоо менен ооруп жаткандар көбөйгөнүн, мектептерге карантин жарыяланышы керектигин же онлайн окутууга өткөрүү керектигин сунуштады.

Ушундай эле маселени депутат Эрулан Көкүлов да көтөрдү. Парламенттин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев түштөн кийин өкмөттүн маалыматы угуларын билдирди.

Бишкекте курч респиратордук вирустук инфекциялардын көбөйүшүнө байланыштуу 14-декабрдан тарта 8 мектеп онлайн окутууга өттү. 13-декабрда Чүйдөгү алты мектепке карантин киргизилген.

Окуучулардын 20%ы мектепке келбей жатса, карантин киргизилет.