Марал Радиосу

Катар-2022: Аргентинанын президенти улуттук курама командага ыраазычылык билдирди

Alberto Fernandez

Аргентинанын президенти Альберто Фернандес өз өлкөсүнүн курама командасын Дүйнө чемпиондугунун жарым финалына чыгышы менен куттуктап, алардын аракети жана берилгендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

«Көзгө жаш келди. Баардык оюнчуларга, машыктыруучуга жана делегациянын ар бир мүчөсүнө, акыркы топко чейин ушундай аракети  жана берилгендиги үчүн дагы бир жолу рахмат. Сиздер бизди бактылуу кылдыңыздар», — деп жазды Фернандес Twitter баракчасына.

Катарда өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын 1/4 финалынын беттешинде аргентиналыктар Голландия курамасын пенальтилер сериясында 4:3 эсебинде жеңип алышты.

Аргентина курама командасы тарыхта алтынчы жолу дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты. Команда эки жолу дүйнө чемпиондугун жеңген (1978, 1986).

13-декабрдагы жарым финалда аргентиналыктар жума күнү бразилиялыктарды пенальтилер сериясында жеңген Хорватия курамасы менен беттешет.