Марал Радиосу

Түштүк Корея Жогорку Кеңешке 200 миң долларлык техникалык жардам көрсөтөт

Түштүк Корея Жогорку Кеңешке 200 миң долларлык техникалык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

9-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Кореянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ли Вон Джэ менен жолугушту.

Анда Корея Республикасы KOICAнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү аркылуу парламенттин санариптик потенциалын бекемдөө максатында Жогорку Кеңешке техникалык жардам көрсөтүп жатканы белгилүү болду.

Элчи Ли Вон Джэ белгилегендей, KOICAнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 2023-жылдан 2027-жылга чейин Жогорку Кеңешти санариптештирүү алкагында долбоорду ишке ашырууга киришет.