Марал Радиосу

Орозайым Нарматованын камактагы мөөнөтү узартылды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматованын камактагы мөөнөтү узартылды. Ал Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 9-декабрындагы токтомуна ылайык, 2023-жылдын 20-февралына чейин абакта болот.

Нарматова жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 тергөө абагында кармалууда.

Нарматовага Кылмыш кодексинин 36-278-беренесинин («Массалык башаламандык уюштурууга даярдык») негизинде айып тагылган. 27-октябрда Орозайым Нарматованы Москвада полиция кармаган жана ал Кыргызстанга алып келинген.

Ал Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүүгө каршы пикирин айткандардын бири.