Марал Радиосу

ЕАЭБге төрагалык кылуу Орусияга өттү

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына төрагалык кылуу Орусияга өттү. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан ЖЕЭКтин кеңейтилген курамдагы жыйынында президент Садыр Жапаров айтты.

Бүгүн, 9-декабрда Бишкекте Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйыны өтүүдө. Быйыл уюмдун саммитине Кыргызстан төрагалык кылды.

Жыйынга Кыргызстандын, Казакстандын, Орусиянын, Беларустун президенттери жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян баштаган өкүлдөр катышууда.