Марал Радиосу

Кыргызстанда «чочко тумоосунун» 34 учуру катталды

Үстүбүздөгү жылдын октябрь айынан бери Кыргызстанда «чочко тумоосу» менен ооруган 34 учур катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин басма сөз кызматы маалымат таратты.

Медициналык жардам сурап кайрылган бейтаптар текшерилип, 34 учур чочко тумоосу экени аныкталган. Ал жалпысынан тумоонун “А” түрү экени белгилүү болгон.

«Чочко тумоосунун» белгилери сасык тумоого окшош, бирок ич өтүү, ичтин көбүүсү (диарея) сыяктуу белгилери болот. Өтүшүп кетсе пневмонияга айланат.