Марал Радиосу

УКМК быйыл бюджетке 8 млрд сом кайтарды

УКМК 2022-жылдын декабрь айына чейин мамлекеттик бюджетке 8 миллиард сомдон ашык каражатты кайтарды. Бул тууралуу Финансы министри Алмаз Бакетаев парламенттин 8-декабрдагы жыйынында билдирди.

«2020-жылдан баштап, эки өкмөттүн токтому бар, ошонун негизинде укук коргоого органынын деңгээлинде депозиттик эсеп ачылган. Республикалык бюджеттин эсебине жалпысынан 8 млрд сом түштү», — деди Бакетаев.

Каражаттын бир бөлүгү тергөө амалдары аяктаганга чейин УКМКнын депозиттик эсебине топтолот. Тергөө жыйынтыкталганда толугу менен мамлекеттик бюджетке которулат.

Кошумчалай кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдиргендей, быйыл укук коргоо органдарына бюджеттен 18,5 млрд сом бөлүнгөн. Анын 2,6 млрд сому айлык акыга кетсе, калганы чек араны бекемдөөгө жана курал жарак менен күчтөндүрүүгө кеткен.