Марал Радиосу

Социалдык фонддун бюджети биринчи окууда кабыл алынды

Бүгүн, 7-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Социалдык фонддун 2021-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету, 2022-жылга бюджети жана 2023–2024-жылдарга болжолу жөнүндө мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Жыйында аталган маселелер боюнча баяндама жасаган Соцфонддун төрагасы Бахтияр Алиев, алгач фонддун 2021-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет берип, жалпы кирешеси 62 554,2 млн сомду түзгөнүн маалымдады. 2020-жылга салыштырмалуу бюджеттин кирешеси 6 498,1 млн сомго же 111,6 %га көбөйдү.

ИДПнын көлөмүнө карата Социалдык фонддун бюджетинин кирешеси 8,7 % түздү.

«2021-жылдын жыйынтыгы боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы көлөмү 38 356,6 млн сомду же белгиленген пландык тапшырманын 100,5 % түздү. Камсыздандыруу төгүмдөрү өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу 115,6 %, же 5 179,2 млн сомго өстү», — деп кошумчалады баядамачы.

Ал эми Социалдык фонддун 2022-жылга такталган бюджети кирешелер боюнча 78 375 625,3 миң сом (ИДПдан 9,5%) суммасында же бекитилген бюджеттен 9 864 572,9 миң сомго көп түзүлдү. 2022-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүүшү 48 545 046,2 миң сом суммасында күтүлүүдө. Бекитилген бюджетке салыштырмалуу өсүш 6 855 982,5 миң сомду же 116,4% түздү.

Талкуу маалында депутаттар Социалдык фонддун бюджетинин кирешелеринин түзүлүшүнүн жана милдеттенмелеринин аткарылышы тууралуу тактоочу суроолорду узатып, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзү боюнча бир катар сунуштарын жана сын-пикирлерин айтышты.