Марал Радиосу

Соцфондго быйыл он бир айда 18 миң 433 кайрылуу болду

Социалдык фонддун чалуу борборуна 2022-жылдын январь-ноябрь айларында 18 миң 433 кайрылуу болгон. Анда негизги социалдык камсыздандыруу, пенсиялык камсыздоо жаатындагы маселелер боюнча 1202 кыска номери аркылуу түшүндүрмөлөр берилүүдө.

2022-жылдын ноябрь айында Соцфонддун Call-борборуна 1651 кайрылуу түшкөн, андан тышкары, онлайн-офлайн режиминде сайт аркылуу 400 электрондук кайрылуу болгон.

Даттануулардын басымдуу бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрдү төлөөчүлөрдөн, иштебеген жарандардан, чет өлкөлүк жарандардан, пенсионерлерден жана иштеген пенсионерлерден келип түшөт.