Марал Радиосу

Тилек Мамадалиев саламаттыкты сактоо министринин орун басары болду

Тилек Мамадалиев саламаттыкты сактоо министринин орун басары болуп дайындалды. Ал 2016-жылдан бери саламаттыкты сактоо министринин жардамчысы болуп иштеп келген.

Мамадалиев саламаттыкты сактоо министринин орун басары кызматында 6 ай иштеген Жаркынбек Касымбековдун ордуна келди.

Жаркынбек Касымбековду 4-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрдин орун басары кылып дайындаган болчу. Ошол күндөн тартып ал Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткарып келген.

Кийин 23-августта президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Гүлнара Баатырова саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Ал эми 19-августта президенттин жарлыгы менен Алымкадыр Бейшеналиев саламаттыкты сактоо министри кызматынан бошотулган.