Марал Радиосу

Катар-2022: Дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыккан командалар аныкталды

Катарда өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын  1/8 баскычындагы оюндар жыйынтыкталып, чейрек финалга чыккан командалар аныкталды.

9-декабрда чейрек финалдын алгачкы оюндары башталат.

1/4 баскычында беттеше турган командалар:

Португалия-Марокко

Голландия- Аргентина

Хорватия-Бразилия

Англия-Франция

Чемпионат 20-ноябрда башталган 18-декабрда аяктайт.

Белгилей кетсек, Катар биринчилиги — араб дүйнөсүндө өтүп жаткан биринчи дүйнөлүк чемпионат.