Марал Радиосу

«Маралдын» кабарчылары ЮСАИД жарыялаган сынакта байгелүү орундарды алды

«Марал» радиосунун кабарчылары Махбуба Сайпилаева жана Бахар Хакимова ЮСАИДдин ЖМКлар арасында уюштурган «Калктын кургак учук боюнча маалыматын жогорулатуу жана туберкулезге чалдыккандарды дискриминациялоочу стигмаларды азайтууга» багытталган конкурсунда байгелүү сыйлыктарга ээ болду.

Аталган конкурста «Маралдын» кабарчысы Махбуба Сайпилаеванын  «Дарыгер: Кургак учук тукум куубайт, убагында дарыласа, толук айыгат» аттуу макаласы «Интернет ресурстардагы эң мыкты иш» номинациясында 1-орунду ээледи. Ал эми «Маралдын» алып баруучусу Бахар Хакимованын «Кургак учуктан айыгуу толук мүмкүн» аталышындагы уктуруусу «Радиодогу эң мыкты иш» номинациясы боюнча 3-орунга татыктуу болду.

Белгилей кетсек,  USAID программасынын «Кургак учукту айыктыруу» долбоору Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте ишке ашырылууда.