Марал Радиосу

Бишкек: Кыргыз тилдүү бала бакча издеп убара тарткан ата-энелер

Кыргызстанда бала бакча, мектептердин жетишсиздиги эң көйгөйлүү маселелердин бири болуп эсептелинет. Мунун эле катарында борбор калаада айрым ата-энелер кыргыз тилдүү бала балкчаларды табуу көйгөй жаратарын айтышат.

Алар кыргыз тилдүү бала бакчалардын дээрлик жоктугун, болсо да алыс жактарда жайгашканына даттанышат.

Бишкек шаарынын тургуну Жайнагүл Жумабекова небересин кыргыз тилдүү бала бакчага бергиси келген. Бирок кыргыз тилдүү бала бакчалар дээрлик жок экенин айтып, бар болсо да үйүнө алыс болуп, барып келүү ыңгайсыздык жарата тургандыктан небересин орус тилдүү бакчага берүүгө аргасыз болгонун айтып берди.

“Кыргыз тилдүү бала бакчаны таап барса ал жакта кезек аябай чоң экен. Жакын арада бизге жетпейт тургандай эле сезилди. Анан дагы бир маселе, кыргыз тилдүү бала бакчаларга барып байкаштырсам балдардын баары орусча сүйлөшөт экен.

Кыргыз тилдүү бала бакчалардын санын көбөйтүү зарыл деп эсептейм. Түшүнүп жатам, азыр жаштардык баары балдарын заманбап технологиялар, орусча, англисче, түркчө, кытайчы окуткусу келип жатат. Ал жакшы албетте, бирок биздин эне тилибиз жерде калбасын, өсүп келе жаткан муун кыргыз тилин унутуп калбасын деген эле ниетим, талабым бар”.

Дагы бир борбор калаанын тургуну Зыйнат Асакеева өлкө боюнча кыргыз тилдүү бала бакчалардын саны аз болгонуна нааразы. Ал кыргыз тилдүү бала бакча болгон күндө дагы мугалим жана тарбиячылар орусча сүйлөй турганын, мындан улам балдар кыргыз тилин жеткиликтүү деңгээлде билбей чоңоюп жатышканын белгиледи.

“Кыргыз тилдүү бала-бакчалар болсо дагы мугалимдер орустар. Албетте анан алар балдар менен орусча сүйлөшөт. Башка тилдер окутулсун, мен каршы эмесмин, албетте бул жакшы. Бирок Кыргызстанда жашап жаткандыбыздан кийин балдарыбыз кыргыз тилин билбей чоңойсо кандай болуп калат? Ансыз деле азыр телефондогу интернетте орусча мультфильмдерди көрүшөт, орусча маалыматтар көп, видеолор да бар. Кыргыз тилинде маалыматтар аябай аз, анан дагы оор жазылган, мисалы мен окуп араң түшүнөм. Жок дегенде балдар үчүн жөнөкөй тил менен жазылса жакшы болмок.”

Бишкектеги кыргыз тилдүү бала бакчалардын биринин жетекчиси Жазгүл Сабырова бара-бара кыргыз бала бакчаларга суроо талап, ата-энелердин кызыгуусу көбөйүп жатканын айтты.

Ал бала бакчада кыргыз тили негизги тил болуп эсептелинерин, ал эми англис жана орус тилдерин кошумча үйрөтө турганын билдирди.

Орус тилдүү бала бакчалар менен кыргыз тилдүүлөрдү айырмачылыгы – мында улутуук баалулуктар, каада-салт, үрп-адаттар менен кошо улуттук оюндар да балдарга үйрөтүлөт.

“Азыркы учурда кыргыз тилибиздин жоголуп бара жатканына байланыштуу биз өзгөчөлөнүп балдарды кыргыз менталитетине ылайык, адеп ахлактуу, балдардын мекенчил сезимдерин ойготуу менен тарбиялаганыбыз аркылуу таанылып келебиз. Себеби жаңы тили чыккан бала орусча сүйлөп баштап жаткандыктан ата-энелер кыргыз тили аябай керек экенин түшүнүшүп, көпчулүгү ушул нерсени баалап суроо талап көбөйүүдө.”

Билим берүү маселелери боюнча эксперт Саадат Саттарова кыргыз тилдүү бала бакчалардын дээрлик жоктугу өтө олуттуу маселе деп белгилейт. Ал шаарларда кичинекей балдар кыргыз тилин билбей турганын, айыл аймактарда гана балдар кыргызча сүйлөй турганын эскертти. Биринчи кезекте балдарга кичинекей кезинен баштап эне тилин үйрөтүүгө, кыргыз тилдүү бала бакчага андан кийин мектепке берүүгө талап коюу зарылчыгыгына токтолду.

“Айыл аймактардагы бала бакчаларда “кыргыз тили менен орус тили чогуу окутулат десең” бардыгы балдарын ошол бала бакчага бергиси келет. Мунун бирден бир себеби – Кыргызстандагы жетишпеген жашоо, социалдык – экономикалык кыйынчылыктар, миграция болуп эсептелинет. “Биздин балдар чоңойсо, Орусияга миграция кетип, иштеп акча табышат, ошого орус тилин билсин” деген ой менен ушундай терс көрүнүштөр күч алууда. Качан гана биздин өлкөдө жарандардын жашоо шарты оңолуп, жумуш орундар түзүлүп, балдарыбыз азыраак миграцияга кеткен учурда маселе чечилет. Бирок аны күтүп отура бербестен, азыртан баштап балдарды кичинекей кезинен эне тилин билүүгө үйрөтүп, кыргыз тилдүү бала бакчаларга берүү зарыл”.

Адистердин айтымында, өлкодө билим берүү мекемелеринин тартыштыгына ички миграция, имараттардын эскилиги, реалдуу статитистиканын колдонулбагандыгы жана прописка институтунун жараксыздыгы болууда. Калктын саны да өсүүдө.

Кыргызстанда 2 миң 333 мектеп бар. Аларда бир жарым миллионго жакын окуучу билим алат. Баш калаа Бишкекте 150дөн ашык муниципалдык мектептер бар. Анын ичинен 10го жакыны гана кыргыз тилдүү.

Ал эми Бишкектеги мамлекеттик 100дүн тегерегинде бала бакча бар. Алардын канчасы кыргыз тилдүү экени тууралуу так маалыматтар жок.

Exit mobile version