Марал Радиосу

Карасартованын ден соолугу кескин начарлап кеткени айтылды

Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан жарандык активист Рита Карасартованын ден соолугу кескин начарлап кеткенин балдардын биринчи хосписинин жетекчиси Ольга Труханова фейсбук баракчасына билдирди.

Анын айтымында, Рита Карасартованын тамагында лимфа бездери сезгенип, калкан безинде көйгөй бар. Ал акыйкатчыга жана кыйноолордун алдын алуу улуттук борборуна кайрылып, Карасартованын ооруканага жаткырылышын өтүндү.

2022-жылдын 22-октябрында Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык камакка алуулар башталып, башаламандыкка даярданган деген айып менен 26 адам камалган.