Марал Радиосу

Кургак учукту миграциядан жуктургандардын саны көбөйдү

Өлкөдө кургак учукту миграциядан жуктургандардын саны көбөйүүдө. Бул тууралуу кургак учукка каршы ооруканалардан билдиришти. Дарыгерлер көбүнчө эмгек мигранттарынан илдет катталып жатканын чет жактагы жашоо шарттын оор экенине байланыштырды. Мындан сырткары мамлекеттик деңгээлде кургак учуктун алдын алууга чара көрүлбөсө, абал курчуп кетиши мүмкүн экенин эскертишти. Алар сырттан келгендерди атайын текшерүүлөрдөн өткөрүү керектигин сунушташты. Муну менен катар эл аралык уюмдардын көмөгүндө кургак учукка каршы долбоорлор да ишке ашууда.

Атын атагысы келбеген Баткен облусунун тургуну Орусияда иштеп жүрүп, кургак учук илдетин жугузуп алган. Ал үч айдан бери кургак учукка каршы ооруканада дарыланып жатат. Анын Орусияга барганына бир гана жыл болгон. Бейтап январь айында ооруканадан чыгат, бирок алдыда 19 айдай дарыларды ичүүгө мажбур. Ал көп убакыт илдеттин пайда болгонунан кабары жок, дарыланып жүрө бергенин айтат.

«Мен өзүм Москвада иштейм. Балдарым окуйт. Балдарымды окууга жеткирем деп барып эле, дароо жумушка чыккам. Дене табым көтөрүлүп көпкө чейин жүрө бердим. Кийин жеке клиникаларга барып, дене табымды түшүрүп келдим. 10 күн ооруп үйдө жатсам, 10 күн иште жүрүп убактым өтө берди. Кийин Ошко келдим. Ал жактан да дарыландым. Анан рентгенге түштүм. Дароо анализ тапшыртышты. Дарыгерлер жатпасаң болбойт дешип, жатып калдым. Кандай оору менен ооруп жүргөнүмдү билбей эле дарыла бергем».

Көпчүлүк учурда адамдар өзүндө кургак учуктун белгилери пайда болгонуна карабай, дарыгерге кайрылышпайт. Ал эми оору өтүшүп кете электе, эрте стадиясында табуу дартты дарылоонун натыйжасын эселеп жогорулатат.

Дарыгер-фтизиатр Чыңгызбек Кенжебаев Баткен облустук кургак учук менен күрөшүү борборунда учурда 20 бейтап дарыланып жатканын, анын ичинде миграциядан келгендер көп экенин айтты.

Баткенде азыркы учурда чет жакт иштеп келген жарандарды үйүнө барып, текшерүү иштери да жүрүп жатат.

Ал мамлекеттик деңгээлде текшерүү иштери уюштурулушун сунуштады.

«Оорулуу менен байланышкандарды текшерүү иштери күчөдү. Бул жаатта эл аралык долбоорлор жардам берип жатат. Миграциядан келгендерди сөзсүз текшерүүдөн өткөрүү керектигин сунуштап жатабыз. Бул маселени мамлекеттик деңгээлде ишке ашыруу керек. Ар бир сырттан келген адамды рентгенге тартуу керек. Бир жагынан алдын алууга жардам берет. Экинчи жагынан оору эрте аныкталат да, дарылоого оңой болот».

Дарыгер Кенжебаев кургак учуктун эки түрү бар экенин, ошондой эле дарылоо процесси канча убакытка созуларын түшүндүрдү.

«Туберкулездун ачык жана жабык түрү бар. Жугуштуу жана жукпай турган. Ошондой эле дарыларга сезимтал жана туруктуу түрү бар. Дарыларга сезимтал түрү эң аз дегенде алты айда сакаят. Ал эми ооруканада жугуштуу түрү менен ооругандар дарыланат. Калганы үй шартында дарыланса болот. Ал эми дарыларга туруктуу түрү 6 айдан 18 айга чейин жаңы дарылардын жардамы менен тез убакта дарыланууда».

Бишкек кургак учукка каршы ооруканасынын башкы дарыгери Тамара Баялиева илдет көбүнчө миграциядан келгендерден катталып жатканын тастыктады. Ал мунун себебин төмөндөгүдөй түшүндүрдү.

«Бүгүнкү күндө биздин ооруканада 128 орун болсо, ошонун 42,43 оруну толот. Алардын арасында миграциядан жуктуруп келгендер да бар. Мигранттар чет жакка барар менен аларды ал жакта жакшы жашоо күтүп турбайт. Алыс жолду басып өтүш керек. Финансылык жактан да кыйналышат. Жетиштүү тамак-аш жешпейт. Ден соолугу начарлайт. Ар кандай шарттарда жашашат. Бир батирде бир нече адам болуп жашашат. Булардын баары оорунун жайылышына таасир берет».

Кургак учук — жугуштуу ооруу. Ал көбүнчө какырык менен кургак учуктун микобактериясын бөлүп чыгарган адамдан жугат. Башка микробдордон айырмаланып, кургак учуктун микобактериясы өзгөчө сакталуу касиетине ээ.

Өлкө боюнча кургак учук менен ооругандардын саны 2020-жылы 3518, 2020-жылы 3891 адамды түзгөн.

Кыргызстан 2014-жылдан тарта кургак учукка каршы ооруканалардын санын 25тен 15ке чейин кыскартып, бара-бара кургак учукту абмулатордук дарылоону кеңейтүүгө өттү.

 

Exit mobile version