Марал Радиосу

Масадыков Евробиримдиктин Ооганстан боюнча өкүлү менен жолукту

Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Таалатбек Масадыков Европа биримдигинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Томас Никлассон жана Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн элчиси Мэрилин Йосефсон менен жолукту.

Тараптар Ооганстанда болуп жаткан кырдаалды жана элине гуманитардык жардам көрсөтүүнү улантуу максатында кызматташуу маселесин талкуулашты. Ошондой эле, аймактык чакырыктар, коопсуздукту сактоо үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жасоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Таалатбек Масадыков, Батыштын жана Ооганстандын ичинде жана бүтүндөй аймакта күндөн-күнгө татаалдашып бараткан кырдаалды жөнгө салуу жолдорун тез арада издөөнүн зарылдыгын айтты.