Марал Радиосу

Тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар

6-декабрдан 8-декабрга чейин өлкөнүн көпчүлүк аймагында кар жаашы күтүлүүдө. Буга байланыштуу тоолуу райондордо жана Ала-Бука — Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-75- чакырымдарындагы Чапчыма ашуусуна кар көчкү түшүүcү мүмкүн.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Айдоочулар алыскы жолго чыгууда дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк жана ысык суу, азык, дары-дармек кутучасы менен камсыз болушу керек. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.