Марал Радиосу

6-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызстанда 6-декабрга караган түнү Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Баткен, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Чүй, Баткен, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Айрым жерлерге туман түшөт. Жолдорго муз тоңуп, гайгак болот. Батыштан  келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…-5;

Талас жергесинде түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…+6;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз -2…+3;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -4…+1;

Нарын облустарында түнкүсүн -9…-14, күндүз -1…-6;

Бишкекте 6-декабрга караган түнү кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8, күндүз -2…-4 градус болот.