Марал Радиосу

Быйыл аңчылыктан мамлекеттик бюджетке 150 млн сом түштү

Кыргызстанда чет элдик жана жергиликтүү аңчылыктан мамлекеттик бюджетке быйыл алдын ала эсеп боюнча 150 млн сом түштү.

Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жаныбарлар дүйнөсү бөлүмүнүн башчысы Адис Мадиев «Маралдын» түз эфиринде билдирди.

«Алдын ала эсеп боюнча быйыл аңчылыктан 150 млн сом түштү деп эсептеп жатабыз. Анын 35 пайызы айыл өкмөттөргө бөлүнөт, 65 пайызы бюджетке кетет. Мурун 40 пайызы биотехникалык иш-чараларга жумшоо максатында мергенчилик чарбаларга берилчү,  мисалы, жаныбарларга чөп, туз жана башка нерселерди алууга. Бирок азыр ал акча берилбейт. 65 пайызы толук бюджетке түшөт» , — деди ал.

Кыргызстандагы мергенчилик чарбалардын 80 пайызы чет элдик компаниялар.

2016-жылы токтом бекитилип, облустарга мораторий киргизилген. Азыркы күндө Баткен жана Ош облусунда мораторий күчүндө.

2023-жылдан баштап Ысык-Көл жана Нарын облустарында аңчылык кылууга токтом менен мораторий кирет.

Кыргызстанда айрым жаныбарларга аңчылык кылууга үч жылдык мораторий киргизүүнү депутаттар тобу сунуштаган. Мыйзам долбоорун Экология министрлиги колдой турганын билдирген. Ушул күндөрү жапайы жаныбарларды саноо жүргүзүлүүдө.