Марал Радиосу

ТҮРКСОЙ уюму «Манас» театрына автоунаа тапшырды

Кыргыз улуттук «Манас» театры алгачкы жолу музыкалык аспаптардын коштоосунда «Айкөлдүн аманаты» аталышындагы драмалык спектаклди көрсөттү.

Спектакль 4-декабрь «Манас» күнүнө карата Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында тартууланды.

Эмгек Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү манасчы, драматург жана төкмө акын Табылды Актановго таандык.

Иш-чарада бир катар манасчыларга 2 бөлмөлүү үйдүн документтери, «Манас» театрына ТҮРКСОЙ эл аралык уюму тарабынан жеңил автоунаа тапшырылды.

4-декабрда Кыргызстанда «Манас» күнүнө карата бир катар иш-чаралар уюштурулду.