Марал Радиосу

Кыргызстан тогуз айда 22 миң 530 тонна картошка экспорттоду

Кыргызстан 2022-жылдын тогуз айында 400 млн сомго 22 миң 530 тонна картошка экспорттоду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Картошка Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Грузия өлкөлөрүнө ташылган.

Мындан сырткары, Россия, Казакстан жана Арменияга 18,4 млн сомго 1 миң 694 тонна төө буурчак, Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Монголияга 95,7 млн сомго 9 миң 210 тонна капуста, ошондой эле Казакстан, Өзбекстан, Россия жана Беларуска 138,4 млн сомго 7 миң 370 тонна алма экспорттолду.