Марал Радиосу

Абактагы шектүүлөрдүн жанын кыйганы боюнча факты териштириле баштады

Кадамжай районунда өспүрүм кыздын өлүмүнө шектүү эки жарандын өз жанын кыйган фактысы боюнча материалдар териштириле баштады. Бул тууралуу «Маралга» Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчиси Сирожиддин Камолидинов билдирди.

Анын айтымында, Ош шаарындагы №5 тергөө абагында асынып алгандардын сөөгү 4-декабрга караган түнү саат 01:50 чамасында табылды.

«Камерада Ш.М жана У. уулу С. асынып алган абалда табылган. Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү жүрүп жатат. Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлерине «шалаакылык» фактысы боюнча материалдар да атайын прокуратура тарабынан каттоого алынган. Алдын ала маалыматтар боюнча, айыпталуучулардын денесинде жарааттар жок экени такталды» , — деди Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчиси.

Баткен облусунун Кадамжай районунда сентябрь айында 14 жаштагы кыздын өлүмүнө байланыштуу төрт жаран кармалган. Алар Ош шаарындагы №5 тергөө абагына камалган. Алардын экөө асынып алганы белгилүү болду.

Үчүнчүсү Жалал-Абад облусундагы кайтаруу абагында, төртүнчүсү Ош шаарындагы №5 тергөө абагында кармалууда.