Марал Радиосу

Депутаттар инвестор курган бала бакчанын ачылышына катышты

Ысык-Көлдө жаңы бала бакча ачылып, ачылышына депутаттар Акылбек Түмөнбаев, Аманкан Кенжебаев, Мирлан Самыйкожо, Максатбек Сарбагышев жана Гулкан Молдобековалар катышышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2019-жылы инвестордун колдоосу менен каржылоого алынып курулуш башталып, сметалык наркы 49 млн сомду түзгөн 2 кабаттуу мектепке чейинки билим берүү мекемеси 120 балага ылайыкташтырылып салынган. Бала бакча эмеректер жана заманбап жабдуулар менен камсыздандырылган.

Ошентип Ысык-Көл районуна караштуу Чок-Тал айылында жергиликтүү айыл тургундарынын көп жылдардан берки көйгөйү болуп келген бала бакча куруу кыялдары орундалган.

Exit mobile version