Марал Радиосу

Парламентте Орусияда баңгизат ташып абакка түшкөндөрдүн маселеси көтөрүлдү

Жогорку Кеңештин шаршембидеги жыйынында «Тышкы миграция жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр талкууланды. Аталган мыйзам долбоору аркылуу чет өлкөлүк жарандарга Кыргызстандын аймагына кирүүгө жана жүрүүгө тыюу салуу тартиби Министрлер кабинети тарабынан аныктала тургандыгын белгилөө сунушталууда. Жыйында депутаттар тышкы миграцияга байланыштуу эң көйгөйлүү маселелерди көтөрдү. Темага алдыда кененирээк токтолобуз. 

30-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, колдоо тапты.

Жыйында белгилүү болгондой, мыйзам долбоору аркылуу чет өлкөлүк жарандарга Кыргызстандын аймагына кирүүгө жана жүрүүгө тыюу салуу тартиби Министрлер кабинети тарабынан аныктала тургандыгын белгилөө сунушталууда.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев чет өлкөгө чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров тууралуу сөз козгоп, сот аркылуу чечим чыккандан кийин аларга жеке буюм-тайымдарын, документ, каражаттарын алып алуусуна убакыт берилиши керектигин эскертти.

«Негизинен чет өлкөнүн жарандары өлкөдөн сыртка чыгарылат. Кыргызстандын жарандары өлкөдөн чыгарылбайт. Жакында эле биздин өлкөдөн чыгарылган Болот Темиров Кыргызстандын жараны беле? А бирок ушул жерде төрөлгөн да. Өлкөдөн чыгырылган жарандарга убакыт берилеби, үйүнө барып, сумкасын даярдап, акчасын алып чыкканга. Мыйзамда баардык процедуралары так жазылышы керек. Бул жерде жалпылап жазылгандыктан биро топ маселе болуп жатат». 

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдиргендей, быйылкы жылдын 10 айында 13 башка өлкөнүн жараны Кыргызстандан чыгарылган. Ал эми 2021-жылы 19 жаран өлкөдөн чыгарылган. Алар кылмыш кылып, жазасын өтөп бүткөндөн кийин, келген өлкөсүнө кеткен.

Чыгарылган жарандарын коопсуздугун сактоо үчүн милициялар коштоп барууга укуктуу жана милицияларга кеткен чыгымдар толугу менен мамлекет тарабынан каржыланат.

Ал эми депутат Эмил Токтошев чет өлкөдөгү кыргызстандыктарга укуктук жардам берүү зарылчылыгына токтолуп, тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин көтөрдү.

«Мигранттардын көпчүлүгү  Орусияда иштейт. Алар бул жактан жыргаганынан кетип жатышкан жок, алар биздин социалдык-экономикалык абалыбызга чоң салым кошуп, жыл сайын 2 млрд доллар которуп жатат. ошондуктан биз бул мыйзам менен бирге алардын чет өлкөдөгү укугун коргоп беришибиз керек. Орусияда биздин жарандар жөндөн-жөн эле баңгизат менен кармалып жатат. Алардын тагдыры оор абалга келип жатат. Алар кайрылганда жардам берип жатасыздарбы, же ошол бойдон камалып кетип жатабы?».

Орусияда баңгизат ташуу менен кармалган кыргызстандыктардын саны 2022-жылдын эки кварталында эле 500гө чукулдаган. Орусиянын аймагында жүрүп, баңгизат же психотроптук заттарды мыйзамсыз алуу, сактоо, ташуу, көбөйтүүгө шектелип кармалгандар көлөмүнө жараша 20 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Нурбек Абдиевдин айтымында, Орусияда кыргызстандыктар көп учурда такси кызматында жана курьер кызматында иштеп, билбестен баңгизат ташуу менен кармалып калып жатышат.

«Чоочун жарандар биздин такси кызматында иштеген жарандарга айтпай баңги заттарын салып, башка адрестерге жиберген учурлар болуп калып жатат. Мына ушул убактарда алар кылмыш жоопкерчилигине тартылып жатат. Мындай иштерди алдын алуу үчүн элчилик, биздин кызматкерлер менен биргеликте түшүндүрүүчү роликтерди чыгарып жатабыз. Биз жарандарга бир нерсени жеткирүүгө алганда, аны текшерип алып, этият болуп иштегиле деп айтып жатабыз. Ал эми кармалган жарандарга биздин өкүлчүлүктүн кызматкерлери жардам берип, адвокаттар берилет. Орусиянын мыйзамдары башкача иштегендиктен, биз аларга кийлигишип, кандайдыр бир аракеттерге бара албайбыз.» 

Ушул эле маселени депутат Султанбай Айжигитов көтөрүп, бул маселе үстүрттөн гана каралап, анын келип чыгуу себептери түп-тамырынан изилденбей жаткандыгын сынга алды.

«Орусияда биздин кыргыздарды кандайдыр бир кылмыштуу топтор маң зат ташууда колдонуп жатабы же билбестиктен түшүп калып жатышабы? Эмне болуп жатат өзү? Түшүнүксүз эле болуп жатат, бары негизсиз эле кармалды деп кайрылып жатышат». 

Нурбек Абдиев Орусияда баңгизат ташуу менен кармалган кыргызстандыктардын бары билбестиктен түштү деп айтууга болбой тургандыгын, акчага кызыгып, ушундай кадамдарга барып жаткандыгын кошумчалады. Алар көбүнчө такси кызматында иштеген жаш балдар.

Соттолгон Кыргызстандын жарандарын өлкө аймагына которуу менен Прокуратура кызматы алектенет. Бир жаранды Кыргызстанга экстрадициялоого 7-8 айдан тарта 1,5 жылга чейин убакыт керектелет. Прокуратура берген маалыматка ылайык, эки жыл ичинде Орусияда баңгизат ташуу менен кармалган 16 кыргызстандыкты өлкөнүн абагына которууга мумкүн болгон.

Бактыбек Сыдыков бүгүнкү күндө баңгизат ташуу менен кармалган жарандар кыргызстанга которулгандан кийин да абактан чыга албай, энелер сыздап жаткандыгын белгиледи.

Нурбек Абдиев жарандарды экстрадициялоого көмөктөшүп жатышкандыгын, керек болсо тездетип учак менен алып келген учурлар бар экендигин белгшиледи.

Exit mobile version