Марал Радиосу

Азия өнүктүрүү банкы бюджетти колдоого 50 млн доллар жардам берет

Жогорку Кеңеште Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик жана гранттык макулдашуу боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Финансы министринин орун басары Руслан Татиков белгиленген программаны ишке ашыруу үчүн Азия өнүктүрүү банкы тарабынан бюджетти колдоого 50 млн доллар өлчөмүндө финансылык жардам берилерин айтып, анын жарымы грант, жарымы кредит экенин кошумчалады.

Депутат Русланбек Жакышов алынуучу 50 млн доллар кайда жумшаларын сурады.

«Карыз ала бергендин ордуна Улуттук банкта сакталып турат деп жарыя кылган 37,8 тонна алтынды пайдаланбайсыңарбы?»,  – деп суроо салды.

Өз кезегинде финансы министринин орун басары алынуучу каражат энергетика тармагына жумшаларын маалымдап, бул жааттагы дүйнөлүк тажрыйбалар тууралуу кеп кылды.

Ушундай эле пикирге токтолгон депутат Алишер Козуев башка мамлекеттер алып жатат деп эле кредит ала берүү болбой тургандыгын айтып, башка каржы булактарын табууга чакырды.

Ал эми Энергетика министрлигинин өкүлү 50 млн доллар импорттолгон энергия үчүн төлөнөрүн маалымдады.

Талкуудан соң мыйзам долбооруна добуш берилип, колдоо тапты.