Марал Радиосу

Жамал Сейдакматовага эстелик орнотулду

Кыргыз Республикасынын эл артисти Жамал Сейдакматованын эстелиги орнотулду. Анын ачылышына Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, президенттин Ысык- Көл облусундагы өкүлү Илияз Иманбетов, Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекова, УТРКнын башкы директору Кайрат Иманалиев жана коомдук – маданий ишмерлер, туугандары катышты.

Эстеликтин ачылышында Сейдакматованын «Кыргыз керемети» аталган кыргыз кинолорунда бир катар ролдорду зор чеберчилик менен аткарып, кино жаатын өнүктүрүүгө кошкон салымы, бүтүндөй өмүрүн театрга арнаган өрнөктүү өмүрү эскерилди.

Жамал Сейдакматова 1939-жылдын 21-сентябрында Ысык-Көл районунун Темир айылында туулган. Залкар актриса быйыл 16-февралда 82 жаш курагында оорудан улам дүйнө салган.

Жамал Сейдакматова кыргыз киносунун жана театрынын могикандарынын бири болгон. Ал 18 жашынан тарта өмүрүнүн соңку жылдарына чейин сахнада жана тасмада көптөгөн роль ойноп, эчен түркүн образдарды жараткан.

«Саманчынын жолунда» Алимандын, «Абийир кечирбейтте» Шайыргүлдүн, «Ак боз атта» Эркайымдын, «Кылым карытар бир күндө» Найман эненин, «Отеллодо» Дездемонанын, «Манастын уулу Семетейде» Каныкейдин, «Мунабияда» Мунабиянын, «Ханышанын көз жашында» Ханышанын жана башка ушул өңдүү көптөгөн каармандардын образын театр сахнасында терең ачып берген.

Ал эми кинодогу жолу 1958-жылы «Алыскы тоолордо» тасмасында Зиягүлдүн ролун аткаруу менен башталган. Бул тармакта да жемиштүү эмгектенип, «Караш-Караш окуясында» Хатшанын, «Уланда» Фатиманын, «Ак илбирстин тукумунда» Бегайымдын, «Акбаранын көз жашында» Көк Турсундун, «Курманжан Даткада» Курманжан Датканын жана башка образдарды тасма тарыхында калтыра алды.