Марал Радиосу

Омар Султанов Швейцарияга элчи болду

Омар Султанов Кыргызстандын Швейцариядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Женева шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы жана эл аралык башка уюмдардагы Кыргызстандын өкүлү Омор Султанов Омар Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси болуп дайындалды.