Марал Радиосу

Кадырбеков өлкөдөгү банктарды «тоноочулукка» айыптады

Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда депутат Нуржигит Кадырбеков өлкөдөгү банктар элди ачык эле тоноп жаткандыгын билдирди.

Анын айтымында, валюта курстарынын жазылганы башка, иш жүзүндө алмашкан курсу башка болуп, ортодо айырма болуп жатат.

«Валюта курстарынын жазылганы башка, иш жүзүндө алмашкан курсу башка. Бул көз көрүнө мамлекеттеги мыйзамдарды бузуу жана адамдардын бетине түкүрүү. Эми ошол менен бүтсө эле мейли эле , бул боюнча бизге шайлоочулар кайрылып жатат. Мурда чет өлкөдөн 1000 доллар жиберсе, бул жактан туугандары 1000 доллар алчу экен, азыр 970тен алып жатыптыр. 3% жөнү жок банктар кармап калып жатышат экен. Бул жөн эле валюталык мафиянын кылган иши», — деди эл өкүлү.

Ошондой эле ал депутаттарга кайырылып, Улуттук банкта сакталып турган 40 тонна алтындын бар-жогун барып көрүп келүүнү сунуштады.

Президент Садыр Жапаров Бишкекте өткөн элдик курултайда сөз сүйлөп жатып, Улуттук банкта дээрлик 40 тонна алтын бар экенин айткан. Кечээ, 30-ноябрда Кыргызстандын Улуттук банкында 37,8 тонна алтын бар экендиги айтышкан.