Марал Радиосу

Жаңы салык кодексинде бул жолу эмнелер өзгөрөт?

Экономика жана коммерция министрлиги салык салуу чөйрөсүндө киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна сунуштады. Президент Садыр Жапаров ушул жылдын 18-январында эле жаңы Салык кодексине кол койгон. Коомчулукта кыска мөөнөт ичинде эле кабыл алынган кодексте мүчүлүштүктөр бар экени айтылып, бир канча жолу митинг, нааразычылык акциялары өткөн. Арадан көп убакыт өтпөй жайында Жогорку Кеңеште ага өзгөртүүлөрдү киргизүү бир канча жолу демилгеленген. Министрликтин айтымында, бул жолу коомдук талкуунун жана мамлекеттик органдар менен макулдашуунун жыйынтыгы боюнча өзгөртүүлөр киргшизилип жатат. Салык кодексине кандай өзгөртүүлөр киргизилет жана берилген сунуштар толук кабыл алындыбы?

2009-жылдын 1-январынан ишке кирген Салык кодекси күчүн жоготуп, ушул жылдын 28-январынан тарта жаңы Салык кодекси ишке кирген. Салык кодекси Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 22-декабрында кабыл алынган.

Салык кодексин кабыл алууда ишкерлердин сунуштары эске алынбаганды айтылып, өзгөртүү киргизүү талабы коюлган. Туризм жана коомдук тамактануу жайынын кожоюндары бекитилген 8% жогору экенин айтышып, пайызды төмөндөтүүнү өтүнүшкөн. Мындан улам экономика министрлиги эки жолу коомдук талкууга чыгып, анын негизинде салык кодексинин долбооруна өзгөртүүлөр киргизилди. Акыркы өзгөртүүлөргө ылайык коомдук тамактануучу жайлар үчүн салыкты төмөнкүдөй өлчөмдө аныктоо сунушталып жатат.

  • Бишкек жана Ош шаарларында — 6% накталай формада, 4% накталай эмес формада;
  • Калган аймактарда — 5% накталай формада, 3% накталай эмес формада.

Мыйзам долбоорундагы башка негизги өзгөртүүлөр тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин Салык бөлүмүнүн башчысы Нурбек Исмаил уулу буларга токтолду:

«Бизде бирдиктүү салык төлөмүндө 2022-жылга 8 млнго чейин соода кылгандарга ККМ колдонгондор салык төлөөдөн бошотулган. Ошол 8 млнду бир жылдык эмес, мөөнөтсүз болуп өзгөртүп жатабыз. Негизги багыт катары бирдиктүү салык режиминде көп өзгөртүүлөр болуп жатат. Учурда бирдиктүү салык режими менен 30 млнго чейин товар айлантуучулар иштей алат. мына ошол 30 млндук талапты дагы алып салып жатабыз. Азыр төмөндөтүлгөн салык режими киргизилип, 0,5%дык  ставка менен киргизип жатабыз. Ал эми 30 млндон 50 млнго чейин 1% менен. Учурда соода жаатында 4% эгерде накталай төлөсө, ал эми накталай эмес төлөсө 2% төлөйт. Башкача айтканда салыктык ставкалар төмөндөтүлүп жатат».

Жаңы салык кодексинин редакциясында эки негизги режим киргизилген: биринчиси, ири компаниялар төлөй турган жалпы салыктык режим; экинчиси, бирдиктүү салык төлөмү. 30 млн сомго чейинки акча жүгүрткөн компаниялар менен ишкерлер ушул бирдиктүү салык режимине өтө алат. Ал жерде бир гана салыктын түрүн төлөп, бир салыктык отчёт беришет.

Нурбек Исмаил уулу билдиргендей, жаңы редакцияда салык кодексинде атайын салык режимин түзүү пландаштырылууда. Өзгөчө режимдеги соода зонасынын ишкерлери соода ишинен салыктын суммасын жылдык кирешенин декларацияланган көлөмүнө жараша төлөшөт. Мындай зоналардагы ишкерлер контролдук-кассалык машиналарды колдонуу милдетинен бошотулат жана мындай иштерди жүргүзүү үчүн салыктын жылдык суммасы ай сайын жылдык жүгүртүүгө жараша белгиленген өлчөмдө бирдей үлүштөр менен төлөнөт.

«Өзгөчө режимдеги зона деп атайын түзүп жатабыз, ал өзгөчө тартипте болот. Мисалга алсак Дордой жана Кара-Суу сыяктуу чоң базарларда иштеген ишкерлерге өзгөчө тартип колдонулат. Алар жакта патенттик системада көрсөтулгөндөй, белгилеген ставка болот. Аталган режимди колдонгон ишкерлер ККМди колдонуу милдетинен бошотулат».

Экономист Искендер Шаршеев өзгөтүүлөрдүн таблицасы 200гө жакындаганы менен  жалпысынан чоң деле өзгөртүүлөр болбогондугун, кээ бир ишкерлерге ылайыксыз беренелер өтүп кеткендигин белгиледи.

«Азыр санариптештирүү катуу жүрүп, кичи ишкерлерди күчкө салып өткөрө баштаганда аймактардагы салык кызматынын кызматкерлери токтомдорду билбегендиги билинип калган. Анын үстүнөн чоң жумуштар жүргөн. Азыр кичине жеңилдеди, нугуна түшүп келе жатат, бирок дагы деле чыңалуулар бар. Ошондой эле соцфонддун тарифтерине жеңилдиктер болгон жок, кандай болсо, ошол бойдон эле калды. Анан дагы салыктарды азайтыш керек, прогрессивдүү көрсөткүчтү коюш керек деген сунуштар четке кагылып, көп өзгөрүүлөр болгон жок. Ишкерлерге жеңилдетүү жолдору алынган жок. Жалпылап айтканда көп нерсе мурдагыдай калды. Санариптештирүү күчөтүлүп, ишкерлерге көрө турган жаза чаралары бир аз көбөйтүлдү». 

Салык кодексинин максаты салык системасынын туруктуулугун камсыздоо, салыктарды оптималдаштыруу, салыктык жол-жоболорду санариптештирүү, ишкердик иштерди жүргүзүүдө бирдей шарттарды түзүү жана көмүскө экономиканы кыскартуу болуп саналат.

Патент системасына келсек аны оптималдаштыруу максатында соода үчүн патенттердин колдонуу мөөнөтүн 2024-жылдын 1-январына чейин белгилөө каралууда. Ошентип, ишкерлерди салык салуунун, эсепке алуунун жана иштин ачык-айкындуулугунун заманбап ыкмаларына өтүүнү андан ары стимулдаштыруу максатында долбоордо соода ишмердүүлүгүнө патенттин мөөнөтүн белгилөө сунушталууда.

Экономика илимдеринин доктору Гурас Жапаров патенттик система болбош керек деп эсептейт. Анткени патенттик система көмүскө экономикага алып барат.

«Негизи патенттик система болбош керек. Бул илгери өткөөл компонент катары  кабыл алынган. Патенттик система башка өлкөлөрдө бир жолку келишимдер үчүн гана алынат. Бул көмүскө экономикага түртөт. Бир патент менен керек болсо 5-6 киши иштеп жүрө берет. Негизи коркунуч ушунда. Мен Салык кодексин кайрадан бир сыйра иштеп чыгууну сунуштайт элем, анткени башында эле шашып кабыл алынган кодекс болуп калган. Салык саясаты баарына бирдей жана тең болуп, негизги принциптерге таянып курулуш керек. Ошондуктан бул кодексти министрлик менен биргеликте мурда кайсы компания иштеп чыкса, кайра ошол компания иштеп чыгып жатат. Негизи өзгөрүүлөр ставкалар менен патент системасында болгон, калганында көп деле өзгөрүүлөр болгон жок. Бир эки өзгөрүүлөр  бар алар илимий изилдөөлөргө патент алуу боюнча, ККМ колдонуу боюнча жана коомдук тамактануу боюнча. Мындан башка фундаменталдуу өзгөртүүлөр болгон жок». 

Мыйзам долбоорунун негизги багыттарынын бири чакан бизнести салыктан бошотуу товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн жылдык көлөмү 8 миллион сомго чейин болгон, контролдук-кассалык машиналарды колдонуу талаптарына жооп берген, ошондой эле мамлекеттик социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн жеке ишкерлер үчүн мөөнөтсүз салыктан бошотуу каралган.

Салык саясаты бул — салык, салык салуу тармагындагы мамлекет жүргүзгөн иш-чаралар системасы, мамлекеттин финансы саясатынын курамдык бөлүгү. Салык саясатынын мазмуну жана максаты коомдун социалдык-экономикалык түзүлүшү менен шартталат. Салык саясаты салыктардан, салык ставкаларынын өлчөмүнөн, салык жеңилдиктеринен жана салык төлөөчүлөрдүн чөйрөсүнөн ачык байкалат. Кыргызстанда 8 салыктын түрү болсо, ал 7ге кыскарган. Тактап айтканда мүлк салыгы менен жер салыгы бириктирилген.

Exit mobile version